Кубанычбек Жороев НЭСКтен кетти

12 сентября 2023, 11:24

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Жороевдин ыйгарым укуктары токтотулду.

"Мунун негизи өз каалоосу менен отставкага кетүү боюнча берилген арыз болду", - деп белгилейт биржадан.

Эске салсак, Кубанычбек Жороев башкы директордун экономика жана каржы боюнча орун басары болгон.