Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,1 млрд. кубметрге чейин азайды

23 октября 2019, 15:44

Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд 181, 25 млн. кубметр. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» билдирет. 

Суунун орточо агымы 237 секундасына кубметрди түзөт, чыгаша – 392 кубметр. 

13-октябрь менен салыштырып караганда, суунун көлөмү 80,2 млн. кубметрге кыскарган.  Бул учурдан тарта суу сактагычтын чыгашасы агымдан секундасына 62-155 кубметрден ашып жатканы маалымдалат. 

8-октябрдан тарта, 13 – октябрга чейин суунун агымы жана чыгашасы бирдей болгон. Суу сактагычты толтуруу 8-октябрга чейин гана жүргүзүлгөн.