Туризмди өнүктүрүү фондун Кудрет Тайчабаров жетектейт

20 марта 2024, 11:50

Журналист Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондуна жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты фонддон ырасташты.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров 2020-2023-жылдары "Бишкек эркин экономикалык" аймагынын башкы директору болуп иштеген. Ал арада жол кырсыгына кабылып, Facebook тармагындагы баракчасындагы билдирүүлөрү менен талкууга алынып турду.

Тайчабаровдун карындашы Адинай Марипова президенттин кеңешчиси жана жардамчысы болуп эмгектенип келет.