Кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынды

18 марта 2021, 13:00

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде  айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

 

Анын айтымында, 2020-жылга карата маалымат боюнча, кумшекердин 56%ы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт, калган 44%ы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Россия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин баасы өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда да социалдык керектөөдөү азык-түлүктөргө баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

 

«Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн КР премьер-министри Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат», - дейт министр.

 

Белгилүү болгондой, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу болуп саналат.