«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлерин электр унаалары менен камсыз кылат

3 февраля 2022, 09:01

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК электромобилдерди жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алганын жарыялады. Бул тууралуу компания өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Алсак, компания сыйымдуулугу 53 орунга чейинки электр автобусун жана 18-20 орундуу эки электр кичи автобусун сатып алууну пландаштырууда.

Техникалык параметрлерге ылайык, электромобилдердин ылдамдыгы саатына 90 чакырымды түзүүгө, 500 чакырымды кубатталбастан иштегөө жана 6,5 саатта толук кубатталууга тийиш.

Мындан тышкары, транспорттор үчүн үч тез кубаттоочу станция сатып алуу пландалууда.