«Кумтөр Голд Компани» дээрлик 37 млн доллар таза киреше тапканын билдирди

11 июля 2023, 10:33

"Кумтөр Голд Компанинин" 2023-жылдын биринчи кварталындагы таза кирешеси 36,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Буга чейин "Кумтөр" жылдын ушул эле мезгилиндеги өндүрүштүн жыйынтыгы боюнча отчет берген. Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-март айларында "КГК" 31,1035 грамм үчүн 1 миң 891 доллардан 77 миң 547 унций баалуу металл саткан. Компаниянын алтын сатуудан түшкөн кирешеси 146,7 миллион долларды түздү.

"Жакынкы арада компаниянын алты айдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет жарыяланат", - деп убада беришти компаниядагылар.