«Кумтөр» I квартал ичинде  248.9 млн доллар киреше тапкан

20 мая 2020, 15:00

Алтынды сатуудан түшкөн кирешенин 2020-жылдын I кварталындагы көлөмү 248.9 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» басма сөз кызматы билдирди. 

 

Аткарылган үч айлык жумуштун жыйынтыгында 160 миң 90 унция же 4 миң 979.36 кг алтын өндүрүлгөн. 

2020-жылдын 31-мартына карата кирешенин көлөмү 37% түзгөн. Өткөн жылдын I кварталына (28%)  салыштырмалуу өсүү 9% түзөт. Кирешенин жогорулашынын башкы себеби, алтынга болгон баанын 20% өсүшу жана өндүрүлгөн алтындын көлөмү 7% көп болгондугу менен байланыштуу. 

Андан сырткары, жыл башынан бери компания мамлекетке салык жана милдеттүү төлөм катары 2.82 млрд сом которгон.