«Кумтөр» Ысык-Көлдөгү ГЭСтердин долбоорлоруна демөөрчүлүк кылат

29 августа 2023, 18:00

"Кумтөр Голд Компани" ЖАК Ысык-Көл облусунда чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн потенциалдуу подрядчыларды ачык тандоону жарыялады. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунун дарыяларында чакан ГЭСтерди куруу үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгуу талап кылынат.

Подрядчыларга коюлган талаптар жана документтерди тапшыруу тартиби менен компаниянын сайтынан таанышууга болот.

Кошумчалай кетсек, арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 11-сентябры.