Кумтөр Жети-Өгүз районуна үрөн сатып алууга грант бөлдү

12 апреля 2021, 11:30

"Кумтөр Голд Компани" Жети-Өгүз районунун дыйкандарына үрөн сатып алуу үчүн беш миллион сом грант бөлүп берди. Каражат дыйкандарды буудай эгүүгө үндөө долбоорунун алкагында бөлүнгөн.

[жаңылыктар 33934]

Бул каражатка күздүк буудайдын "безостая" сортунан 170 тонна үрөн сатып алынды, аны алгандар дээрлик 570 гектар айдоо аянтын себишти.

Үрөн Жети-Өгүз районунун 19 айылынын ар бириндеги 5-10 кишиден турган 34 дыйканчылык топторуна берилди.

Ошондой эле, дыйкандар дизелдик күйүүчү май, жер семирткичтер, эгин себүү жана алдыдагы түшүм менен байланышкан чыгымдарды сатып алуу үчүн жылдык 10% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу маалым болду.