«Кумтөр» Баткенге 10 млн сом бөлдү

7 мая 2021, 10:40

«Кумтөр Голд Компани» тарабынан 10 миллион сом өлчөмүндө каржылык жардам бөлүндү. Каражат кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен калкты колдоого жумшалат. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Акча Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине которулган.

Белгилей кетсек, атайын ачылган эсепке бүгүнкү күндө 40 миллион 805,1 миң сом чогулду.