Кумтөр ушул жылдын үчүнчү кварталында өлкөнүн бюджетин 33 млн $ толтура алды

17 ноября 2020, 15:32

2020-жылдын тогуз айында «Кумтөр» бюджетке салык катары, Социалдык фондко чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөр катары бюджетке 10.2 млрд сом төктү. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалат. 

Компаниянын тогуз ай ичиндеги кирешеси 803.5 млн долларды түзүп, 28% жогорулады. Бул жылы 465.7 миң унция алтын өндүрүлгөн. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 451.6 миң унция алтын чыгарылган. 

Белгилей кетсек, бул жылы чыгашанын көлөмү 95% көбөйүп, 94.4 млн долларды түзгөн. Компания мунун себебин иштин жаңы аймакта күчөтүлгөнүнө байланыштырган. 

Кошумчалай кетсек, пандемияга байланыштуу компания толук кандуу ишин сентябрда баштаган жана руда запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча жылдык планын толтура алды.