«Кумтөрдүн» алтынын сатууга атайын фонд түзүү сунушталды

23 октября 2023, 15:10

“Кумтөр” кенинен 2022-жылы 17 тонна алтын өндүрүлүп алынды, 2023-жылы 14 тонна алуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Чоро Сейитовго таянып Reporter.kg билдирди. 

Анын айтымында, өндүрүлгөн алтындын 1,5 тоннасын Улуттук банк сатып алып, калганы “Кыргызалтын” жана “Кумтөр” компаниясынын мурда түзүлгөн келишимдери аркылуу сатылууда.

Депутат Султанбай Айжигитов Министрлер кабинетине алтынды сатпай, атайын фонд түзүүнү сунуштады.

“Бекер эле сатып жатабыз. Андан көрө фонд түзүп, аны күрөөгө коюп, арзан насыяны тартсак болот. Азыр эл аралык институттардын насыяларына бюджетти күрөөгө коюп жатабыз. Алтындын баасы дагы өсөт. Дүйнө чоң согушту күтүп жатат. Мындай каатчылык кезде алтын баасы жогорулайт”, — деди ал.

Каржы министри Алмазбек Бакетаев депутаттын сунушун колдоду. Ал өкмөттө алтындын запасын түзүү боюнча тапшырма берилип, ал иштелип чыгып жатканын айтты.