2019-жылы күрөөканалар канча киреше табышкан?

16 апреля 2020, 13:00

2019-жылы күрөөканалардын  кирешеси 337.6 млн сомду түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 21.8% жогору болгон. Муну менен катар чыгаша дагы 48.1% жогорулап, 248 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Өз кезегинде 2019-жылы күрөөканалардын активдери 1 млрд 396.5 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 23.1 млн сомго жогору болгон. Капитал жана милдеттенмелер дагы жогорулаган.