Жыл башынан бери доллардын сомго карата наркы 11.92 % жогорулады

10 апреля 2020, 16:00

АКШ долларынын официалдуу курсу сомго карата жыл башынан бери 11.92% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктын официалдуу өкүлү Аида Карабаева өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. 

Карабаеванын айтымында,  бүгүнкү күндө валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон сакталууда. 

Валюта курсунун  кескин жогорулашына жол бербөө үчүн Улуттук банк 216.9 млн долларга сегиз интервенция өткөздү. 

Улуттук банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 млрд 368.8 млн $ түзөт.