Доллардын наркы көтөрүлүп, 77,8 сомду түздү
Официалдуу курска ылайык, доллардын наркы 0.14% жогорулап, 77.2 сомду түздү. Евронун наркы - 0.66% жогорулап, 87.2 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Коммерциялык банктарда доллар 77.6 сомдон 77.8 сомго чейин, евро - 87.5 сомдон 88.2 сомго чейин сатылып жатат.
Орусиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, доллар 71.3 рубль, евро - 80.6 рублдан сатылып жатат. Москва биржасында доллардын курсу 71.9 рублдан, евро - 81.2 рублга чыкты.
Кошумчалай кетсек, Brent маркасындагы мунайдын баасы сентябрь айында 43.3 долларды, WTI — 40.7 долларды түзөөрү маалым болгон.