Кувейт Кыргызстанга инвесторлорду тартууга даяр
Кувейт Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даяр. Бул тууралуу Кувейт Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билинди.
Жолугушууда мамлекет башчы Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы соода-экономикалык жана маданият-гуманитардык кызматташтыктын өсүп жаткандыгын белгиледи.
Ал «Ас-Сафа», «Ас-Салам» жана «Ассанабил», кайрымдуулук фондторунун өлкөнүн стратегиялык - инфраструктура багытындагы долбоорлорду ишке ашыруудагы жана Баткен облусундагы жардамга муктаж 106 үй-бүлөгө, Кемин районундагы 100 үй-бүлөгө салынган турак-жай үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Президенттин мындай ой-пикирине Кувейт Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу менен мындан аркы кызматташтыкты уланта берээрин билдирди.