Кувейт фонду жаңы Нейрохирургиялык борборду курууга 20 млн доллар бөлөт

13 июля 2021, 17:00

Кувейт фонду Улуттук госпиталдын Нейрохирургия борборунун курулушун каржылайт. Бул тууралуу КРнын Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун Фонддун башкы директорунун орун басары Марван Аль-Ган менен жолугушуусу болду.

Фонддун өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук госпиталдын Нейрохирургиялык борборун 20 миллион долларга куруу долбоору талкууланды. Тараптар жакынкы аралыкта долбоорду ишке ашырууну жандандырууну макулдашышты.