Кырдаал турукташса акча алмаштыруучу жайлар иштей баштайт

7 октября 2020, 11:05

Бүгүн, 7-октябрда акча алмаштыруучу жайлар ишин жандандыра алышат. Бул тууралуу «Акчабарга» «Альянс» акча алмаштыруучу Ассоциациянын өкүлү Чыңгыз Бийлибаев билдирди. 

«Азыр биз абалды көзөмөлдөп турабыз. Эгерде шаар ичи тынч болсо, анда акча алмаштыруучу жайлар иштей беришсе болот. Бүгүн биз саат 16:00-17:00гө чейин иштөөнү пландап жатабыз»‎, —  деп билдирди ал. 

Эске сала кетсек, 5-6-октябрда кырдаалдан улам Бишкекте акча алмаштыруучу жайлар жабылган.