«Кыргызалтынга» жаңы жетекчи келди

13 ноября 2020, 15:10

«Кыргызалтындын» жетекчиси болуп Элмырза Үкүбаев дайындалды. Бул тууралуу «Акчабарга» компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Элмырза Үкүбаев 2009-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети алдындагы Тоо-кен жана тоо-кен технологиялары институтун аяктаган. Кесиби боюнча тоо инженери. 

Эки ирет Өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы болуп дайындалган. Андан сырткары, экономика жана финансыны стратегиялык пландоо бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген. 

Белгилей кетүүчү нерсе, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөрдүн» маселелери менен алектенет. 

Эске сала кетсек, жакынкы күндөрү Алмаз Алимбеков «Кыргызалтындын» төрагалык кызматынан кеткен.