Кыргыз биржа фонду аралыктан иштөөгө өттү

7 октября 2020, 17:30

Кыргыз биржа фонду аралыктан иштөөгө өттү. Мындай чечим өлкөдө болуп жаткан кырдаалдан улам келип чыккан. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат. 

Бардык суроолорго электрондук почто аркылуу жооп алууга болот. Кызматкерлердин электрондук даректердин фонддун сайтынан алууга болот. 

Эске сала кетсек, мамлекеттик ведомстволордун басымдуу бөлүгү азыркы учурда штаттык режимде иштеп жатышат.