Кыргыз фондулук биржасы менен ЕРӨБдүн жыйыны өттү

23 мая 2023, 12:16

Кыргыз фондулук биржасы жана Борбордук депозитарийдин жетекчилиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү Триша Паркс жана Жон Гордон менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти. 
 
Тараптар каржы жана капитал рыногунун учурдагы абалын, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү жана улуттук валютадагы облигацияларды чыгарууну колдоо маселелерин жана буга байланыштуу мыйзамдарды камтыган өзгөртүүлөрдү талкуулашты.

“Жолугушууда бүгүнкү күндө КФБнын ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү экендиги белгиленди. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.