КР менен Катар мамлекети  айыл-чарба тармагындагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

9 декабря 2019, 12:10

2019-жылдын 8-декабрында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Нассер Аль-Тани менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет. 

Тараптар айыл-чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «АГРИТЕК- 2020» Эл аралык көргөзмөсүнө катышуусун талкуулашты. Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын айыл-чарба тармагындагы потенциалы боюнча маалымат берип, катарлык рынокко кыргыз азыктарын экспорттоо мүнкүнчүлүктөрүн белгиледи. Министрдин орун басары Шейх Фалех Аль-Тани Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө алдыдагы көргөзмөгө катышуу үчүн, керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо жана чогуу иштердин артыкчылыктуу тармактарын аныктоо максатында ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу макулдашылды.