Кыргыз-казак өткөрүү пунктунда кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйдү

11 декабря 2020, 12:05

10-декабрь, саат 18:00 карата «Ак-Тилек», «Кең-Булуң» жана «Чалдыбар» кыргыз-казак өткөрүү пунктунда кезек күткөндөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Текшерүүдөн өтүү үчүн 160 оор жүк ташуучу автоунаа кезекке турган. 

Чек ара кызматы белгилеп өткөндөй, кыргыз тараптан оор жүк ташуучу автоунааларга  текшерүү пунктунан өтүү үчүн эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. 

Чек арачылар автранспорттун ичинен тыюу салынган товар жана жүктөрдү, андан сырткары наркотикалык каражаттарды, курал -жарак жана жардыруучу заттарды ташуу боюнча текшерүү жүргүзөт.