«Кыргызкөмүр» 29.3 млн сомго тендер жарыялады

5 октября 2020, 16:45

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеде топурак жана үстүңкү катмар иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалат. 

 

Тендердин жалпы суммасы 29.3 млн сомду түзөт. 200 миң куб метрди кайрадан иштеп чыгуу жумушу аткарылат. 

 

Кошумчалай кетсек, тендерде үч эксковатор жана жыйырмага жакын самослав керек болот.