«Кыргызкөмүр» 258 млн сомго тендер жарыялады

22 февраля 2021, 16:30

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы борбордук филиалдан Балыкчы шаарына чейин көмүр жеткирүү үчүн атайын тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашылды. 

 

Тендердин жалпы суммасы 258 млн 300 миң сомду түздү. 

Кошумчалай кетсек, техникалык тапшырмага ылайык, кеминде 200 миң тонна көмүр ташылышы керек.