Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

18 января 2020, 12:00

24-январдан 30-январга чейин Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен «Жаз майрамына» байланыштуу жабылып жатат. Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 31-январдан тарта кадимки тартипте иштей баштайт.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турат.