Кыргыз-кытай чек арасы 1-майда жабык болот

26 апреля 2024, 17:47

Кытай тараптын демилгеси менен КЭРде “Эмгек күнүн” майрамдоого байланыштуу 1-майда “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү пункттары 2-майдан тарта иштеп баштайт.