Кыргыз-орус алакасы боюнча алты документке кол коюлду

13 октября 2023, 09:00

Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги жолугушуусунун жыйынтыгында алты документке кол коюлду.

Өлкө башчынын администрациясынан билдиришкендей, макулдашуулар айыл чарба, билим берүү, юстиция, айлана чөйрөнү коргоо жана биологиялык коопсуздук тармактарына тиешелүү.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга кечээ, 12-октябрда расмий сапар менен келди.