Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү кармалды

15 февраля 2022, 13:59

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Соттун чечими менен Мамытов 8-мартка чейин камакка алынган.

Белгилей кетсек, Нурлан Мамытов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.