Кыргыз-орус өнөр жай кооперациясы: 3,5 млрд долларлык келишимдерге кол коюлду

12 октября 2023, 09:15

Жалал-Абадда өткөн “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөт башчы Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Жапаровдун айтымында, 2018-2022-жылдар аралыгында ортодогу соода-сатык көлөмү 1,8 эсе өсүп, Кыргызстандан экспорт 3 эсе, ал эми импорт 19 пайыз көбөйдү.

Былтыр соода жүгүртүү көрсөткүчү рекорддук чекке жетип, дээрлик 3,5 млрд долларды түзгөн.