«Кыргыз почтасы» менен Namba Group компаниясы кызматташат

20 октября 2022, 11:00

“Кыргыз почтасы” менен Namba Group кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргыз почтасы” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул өнөктөштүк төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

  • Маркетплей колдонуучуларына товарларды жеткирүүнү уюштуруу жана өнүктүрүү.
  • "Намба" төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну жана иштетүүнү уюштуруу.
  • Почта кызматын уюштуруу.

Белгилеп кетсек, Namba Groupтун IT продукту namba.kg Кыргызстанда 2007-жылдан бери иштеп келет.

Бүгүнкү күндө Namba тобунун IT продуктыларына төлөм системасы, жеткирүү кызматы, такси кызматы, азык-түлүктөрдү бекер жеткирүү, B2B базары, өз алдынча иштегендер үчүн кызмат, төлөм агрегатору жана бир катар башка кызматтар кирет.