Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды

9 октября 2023, 09:30

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-8-октябрга чейин Баткенде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду.

"Жыйын достук жана өз ара түшүнүү маанайында болду. Калган тилкелер боюнча иш Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр айтылган.