«Кыргыз темир жолу» бензинге 20 млн сомдон ашык каражат сарптайт

7 июля 2021, 10:00

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик мекемеси күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына жарыяланган. 

Тендердин жалпы суммасы 20 млн 48 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, компаниянын Луговой станциясынан Балыкчы станциясына чейинки аралыкта май куйуучу станция тармагынын болуусу маанилүү. Май куйуучу станция сөзсүз түрдө темир жолуна жакын жайгашуусу керек. Ошондой эле, бардык май куйуучу жайларда АИ-92, жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин болуусу шарт.