«Кыргыз темир жолу» өз каражатына 20 чакырым рельс сатып алды

11 ноября 2021, 09:42

Кыргыз темир жолунун коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өз каражатына 20 чакырым темир жол сатып алды. Бул Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жыл ичинде биринчи жолу болуп жатат. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Р-65 рельстеринин биринчи партиясы 10-ноябрда өлкөгө келди.

"Рельстер 2021-жылы чыккан жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада биз аларды айрым көйгөйлүү жерлерге төшөй баштайбыз", - деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

Анын айтымында, темир жолдун 148-чакырымынан "Балыкчы" станциясына чейин 14 чакырым, "Кара-Балта" станциясынан 141-айрымга чейин 5 чакырым жана "Мерке-Чалдовар" тилкесинде 1 чакырым жол төшөлөт.