Кыргыз-түрк соода-өнөр жай тармагындагы кызматташтык жанданат

1 февраля 2023, 11:00

Түркияда Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Түркиянын соода-өнөр жай палатасынын президенти Рифат Хисарджиклы Оглы менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясында кыргызстандык бир катар ишкерлер бар. 

“Палатанын өкүлдөрү Түркия палаталарынын ассоциацияларына жана биржаларына барышты. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан да активдештирүүнү жана бизнеске ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү макулдашышты”, - деп айтылат маалыматта.