Кыргыз-өзбек автозаводунун курулушу башталды

12 мая 2023, 09:00

Кыргыз-өзбек автозаводунун курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ишкана ушул жылдын аягына чейин ишке кирет. Ага ылайык, жылына 5 миң автомобиль чыгаруу, аны акырындап 30 миңге жеткирүү пландалууда.

Анын негизинде 2 миң жумуш орду түзүлөт. Чүй облусундагы долбоор 6 жылдын ичинде толук кандуу ишке ашат деп күтүлүүдө.