«Кыргызалтын» ишканасы алтынды эл аралык рынокто сатат

25 марта 2024, 16:19

2024-жылдын апрель айында “Кыргызалтын” ишканасы алтынды сатуу үчүн эл аралык рынокко түз чыгат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Белгилегендей, 10 тоннадан кем эмес алтын сатуу пландалууда, бирок анын басымдуу бөлүгү өлкө ичинде калат.

“Алтын Лондон фондулук биржасынын баасында сатылат”, - дейт жооптуу кызматкер.

Анын айтымында, алтынды сатып алууда Улуттук банк мурдагыдай эле артыкчылыкка ээ.