«Кыргызалтын» РФнын геологиялык чалгындоо институту менен кызматташат

16 августа 2022, 12:00

“Кыргызалтын” ААК менен Россиянын “Түстүү жана баалуу металлдардын борбордук геологиялык чалгындоо институту” (ФГБУ​) кызматташууну баштоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымаптка ылайык, “Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов институттун башкы директору Александр Черных менен жолугушту.

“Тараптар кызматташуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле меморандумга кол коюуну талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчаласак, аталган институттун негизги ишмердүүлүгү жер казынасын изилдөө жана минералдык-сырьелук базаны кайра өндүрүү жаатында геологиялык чалгындоо, геофизикалык жана геохимиялык иштер болуп саналат.