«Кыргызалтын» Кумтөрдүн күмүшүнө сатып алуучуларды издеп жатат

17 марта 2023, 14:01

"Кыргызалтын" ААК Кумтөрдө алтын менен катар казылып алынган күмүшкө сатып алуучуларды издеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызалтында»" 11 тонна 978 килограмм тазаланган күмүш бар. Бул күмүш баасы арзан болгондуктан ушул убакка чейин сатыла элек. Бирок учурда “Кыргызалтын” сатып алуучуну издеп жатат.