«Кыргызалтын» ишканасы Кеминдеги кенди иштетет

27 марта 2024, 14:15

“Кыргызалтын” ААК Кичи-Кемин айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Кара-Булак айылына жакын жайгашкан Миронов кенин иштетүү планын талкуулады.

Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине салыктар, аймакты өнүктүрүү үчүн социалдык төлөмдөр жана 100дөн ашык жергиликтүү тургундар арасында жумуш орундары түзүлөт. 

Жолугушууда “Кыргызалтын” ААК тоо кен ишканасынын өкүлдөрү бул кен тууралуу кеңири маалымат берип, пландалган иштетүү ыкмаларын, айлана-чөйрөнү коргоо чараларын айтып беришти. Ошондой эле, долбоорду ишке ашыруунун жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө тийгизген пайдасын белгилешти. Жергиликтүү тургундар долбоорду колдошту.