«Кыргызалтын» 100 млн сомдон ашык зыянга учурады

12 июня 2023, 09:03

Чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча курстук айырмадан зыян 100 млн. 343 миң 956 сомду түздү. Бул тууралуу “Кыргызалтын” өзүнүн финансылык отчетунда билдирет. 

Ошол эле учурда компания бир жыл мурун айырмадан киреше ала алган болсо, 2021-жылы валюталык операциялардан түшкөн киреше 4 млн. 888 миң 975 сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, компания валюталык операциялар боюнча зыян тартканына жана башка операциялык кирешелерден түшкөн пайданын 74,3 млн. сомго азайгандыгына карабастан, 2022-жылы “Кыргызалтындын” кирешеси 42 млрд. сомдон ашкан. Бул  рекорддук көрсөткүч “Кумтөрдүн” ага өткөрүлүп берилгендиги менен түшүндүрүлөт.