«Кыргызалтын» Өзбекстандын тоо-кен өнөр жайы менен кызматташууну караштырууда

30 марта 2023, 13:32

"Кыргызалтын" ААК жетекчилеринин Өзбекстандын Навои тоо-металлургиялык комбинатынын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда, эки өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселелери сөз болду.

Таштандыларды кайра иштетүү технологиясын биргелешип ишке киргизүү жана полигондорду тазалоо технологиясын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын аймагындагы кендерди биргелешип иштетүүдө эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегин талкуулашты.