Кыргызcтандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасы 825 млн доллардан ашты

9 июня 2023, 09:42

Быйыл биринчи кварталда Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 825 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын айтымында, уланып жаткан оор шарттарга карабастан, биримдикте өз убагында кабыл алынган иш-аракеттердин жана кабыл алынган чечимдердин аркасында макроэкономикалык туруктуулукту сактоого мүмкүн болду.

“2023-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 825 млн. доллардан ашты, ал эми биримдик өлкөлөрүнүн экспорттук берүүлөрү 12,3%га өстү. Муну менен катар 2023-жылдын 4 айында ички дүң продукциянын өсүшү 4,4% түздү. Экономиканын бардык тармактарында экономикалык өсүш катталды”, - деп жыйынтыктады ал.