«Кыргызэлектроника» ишканасы ноутбук жана планшеттерди кураштырат

28 марта 2024, 15:11

“Кыргызиндустрия” ААКтын филиалы болгон “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы ишкананын базасында “Билим” жана “Илим” бренддери менен ноутбуктарды, планшеттерди кураштырат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.  

Белгиленгендей, компания буга чейин “Acer”, “Lenovo” сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин заказы боюнча ноутбук жана планшеттердин тетиктерин чыгарган атактуу кытайлык “Clovertek Industries” компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

“Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбук, хромбук жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.