«Кыргызфармация» 700 млн сомго медициналык буюмдарды сатып алды
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын сатып алууларынын көлөмү учурда 700 млн сомду түзөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медер Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар үчүн 10 млн сомго стенддер, 250 млн сомдон ашык суммага онкологиялык препараттар, 8 млн сомго 100 эндопротез, кант диабети менен ооругандар үчүн инсулиндин толук көлөмү, орган трансплантацияланган пациенттер үчүн зарыл болгон иммуносупрессанттардын толук көлөмү сатып алынды.