«Кыргызфармация» онкологиялык ооруларга химиотерапиялык дарыларды алды

15 августа 2023, 10:51

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик уюмдар үчүн сатылып алынган дары-дармектердин алгачкы партиясы өлкөгө келе баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 21-июнунда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат түшкөн.

"Июль айында Улуттук фтизиатрия борборунун, Улуттук госпиталдын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, ошондой эле башка орто саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктары үчүн дары-дармектер алынган. 2023-жылдын 14-августунан тартып онкологиялык оорулар боюнча европалык өндүрүүчүлөрдөн 227 миллион сомго жакын суммадагы эң ири контракт боюнча химиотерапиялык дары-дармектер өлкөгө келе баштады", - деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлиги.

Жеткирүү графигине ылайык, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жума сайын келери күтүлүүдө.