«Кыргызиндустрия» ААКсы пластмассалык түтүктөрдү чыгара баштады

15 марта 2023, 11:03

“Кыргызиндустрия” ААКсы пластмассалык түтүктөрдү чыгаруу боюнча “Кыргызпласт” ЖЧКсын түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. 

“Кыргызиндустрия” ААКнын колдоосунун негизинде “Кыргызпластик” ишканасы чийки зат сатып алып, жабдууларды жаңыртты. 

“Компания 25ке жакын адамды жумуш менен камсыз кылды, келечекте жумуш орундарын 50гө жеткирүү пландалууда. Өндүрүштүн болжолдуу көлөмү жылына 1100 тоннаны түзөт. “Кыргызпластик” ЖЧКсы Бишкек шаарынын эркин экономикалык аймагында жайгашкан”, - деп айтылат маалыматта.