«Кыргызиндустрия» ишканасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

18 мая 2023, 11:15

Эсеп палатасы “Кыргызиндустрия” ААКнын 2022-жылга карата ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Уставдык капитал катары бөлүнгөн 1 млрд. сомдун 84,3%ы же 843,5 млн. сому “Кыргызиндустрия” ААКсы жаңыдан түзүлгөн ишканалардын уставдык капиталына чегерилген жана өкмөттүн токтому менен өткөрүлүп берилген мамлекеттик үлүшү бар 16 ишкананы калыбына келтирүүгө багытталган эмес. Бул тууралуу аталган мекемин сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, ишканада 2022-жылы 245,2 млн. сом (29%) өнөр жайга тиешеси жок долбоорлорго бөлүнүп кеткен.

“Кыргызиндустрия” ишканасынын 2022-2025-жылдарга карата өнүктүрүүгө бекитилген программасында (2022-жылдын 25-апрелиндеги) жана иш-чаралардын планында мамлекеттик үлүшү бар иштеп жаткан чарбакер субъекттерди модернизациялоо боюнча чаралар каралган эмес.

“Түзүлүп жаткан ишканалардын уставдык капиталына чегерүү боюнча “Кыргызиндустрия” ААКнын карызы жалпысынан 4,6 млрд. сомду түзөт”, - деп билдирет Эсеп палатасы.