«Кыргызиндустрия» фондулук биржада биринчи жолу акцияларын жайгаштырды

25 июля 2022, 10:59

“Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасы Кыргыз фондулук биржасынын биринчилик рыногунда жөнөкөй акцияларын биринчи жайгаштырууну өткөрдү.

Алсак, 22-июлда 600 000 акция 1000 сомдук номиналдык баасы менен сатылды. Ошентип, компания 600 миллион сом алды, ал акционердик коомдун уставдык капиталын түзүүгө жумшалат.

Эске салсак, бир күн мурун, 21-июлда “Кыргызиндустриянын” баалуу кагаздары листингден өткөн. Компаниянын акциялары фондулук биржанын расмий тизмесине “С” категориясы боюнча киргизилген. Акциялардын бул категориясы үчүн өздүк капиталдын көлөмү 10 миллион сомдон кем эмес болушу керек. Ал рентабелдүү эмес компанияларды камтышы мүмкүн, бирок анын баалуу кагаздары листингдин үчүнчү жылынан кийин пайдага айланышы керек.