«Кыргызиндустрия» 2022-жылды 25,9 млн сом зыян менен жыйынтыктады

16 марта 2023, 14:44

"Кыргызиндустрия" мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын төртүнчү кварталы үчүн киреше жана чыгаша тууралуу отчетуна ылайык, ишкана 25 миллион 872,2 миң сом зыян тарткан.

Анын 25 млн 380,4 миң сому административдик чыгашалар жана 457,6 миң сому киреше салыгы боюнча чыгашалардан турган. Отчетко караганда, компания эч кандай пайда көрбөгөнүн эске алсак, быйыл салыктар алдын ала төлөнгөн деп божомолдоого болот.

Ошону менен бирге, каралып жаткан мезгилде компания жүгүртүүдөн тышкаркы активдерди 5,75 эсеге, 968 млн 516 миң сомдон 5 млрд 572 млн 303,8 миң сомго чейин көбөйткөн. Компаниянын милдеттенмелери да 33,6 миллион сомдон 4,7 миллиард сомго көбөйгөн. Өсүш негизинен кыска мөөнөттүү милдеттенмелердин (1 жылга чейинки кредиттер) эсебинен камсыздалган, ал 118,9 миң сомдон 4 млрд 646,8 миң сомго чейин өскөн.

Кошумчалай кетсек, “Кыргызиндустрия” 2022-жылдын 28-январында түзүлгөн. Компаниянын 100% акциясы өкүлү Министрлер кабинети болгон мамлекетке таандык.